Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

12:40 ЕККУ Нарын шаарын таштандылардан арылтууга көмөктөшөт


Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борбору Урбан институту менен биргеликте аталган аймактагы катуу тиричилик таштандыларды кайра иштетүү боюнча жаңы долбоорду ишке киргизүүдө. Ага ылайык бул иш-аракетке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук, бейөкмөт уюмдар тартылмакчы. Нарын шаарында кырк төрт миңге чукул эл жашайт жана аймакта таштанды жайлардын толуп кетиши, андан жер алдындагы суулардын булганышы сыяктуу маселелер курч турат. ЕККунун өкүлдөрүнүн кабарлашынча дал ушундай долбоор 2006-жылы Ошто, ушул жылдын башында Таласта башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG