Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

16:30 Сокулуктун соту тергөөгө тоскоолдук кылды деп айыпталган милиция кызматкерлерин актады


Сот жоопкерчилигине тартылгандардын биринин адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн бул иш боюнча сот отуруму болуп, сот айыпка жыгылган милициянын үч кызматкерин толугу менен актады. “Сот отурму учурунда мамлекеттик айыптоочу милиция кызматкерлеринин күнөөсүн далилдей турган фактылар жетишсиз деген негизде айыптоодон баш тартты”, дейт адвокат. Буга чейин УКМК коркутуп-үркүтүү жолу менен акча өндүргөндүгү үчүн милиция кызматкерлери кармалганын кабарлаган. Бул кылмышка тиешеси бар деп Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы жана дагы эки тергөөчү камакка алынган болчу. Бул ишти тергөөдө тоскоолдук кылды деген кине менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Төрөбек Жумалиевге, ушул эле бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Кудайберди Малабаевге жана Новопавловка айылынын милиция бөлүмүнүн жетекчиси Радмир Бокушевге карата кылмыш иши козголуп, 27-февралда соттун алгачкы отуруму болгон. Ал эми коркутуп-үркүтүү жолу менен акча өндүргөн деп айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин үстүнөн сот иши качан болоору белгисиз. И. Аткулов учурда Башкы прокуратура бул ишти сотко өткөрүп берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын айтты. (MSu)

XS
SM
MD
LG