Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, ЖК депутат Бакыт Бешимов “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда, оппозиция түрдүү саясий кадамдарды даярдап жаткан учурда президент Курманбек Бакиевдин ден-соолугун чыңдоо үчүн Германияга кетүүсү өлкөдө эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбейт. Кыргызстанды ансыз деле президенттен башка дагы саясий топ башкарып жаткандыгын белгилеген Бакыт Бешимов жакын арада Кыргызстанда кырдаал курчуйт дегендерге ишенбей тургандыгын билдирди. (ZKo)