Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

7:45 “Таза суу” долбоорунун 2-этабын жүргүзүү үчүн 30 млн доллар бөлүнөт


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча долбоордун 2-этабына Дүйнөлүк Банк жана DFID уюму донорлук кылууда. Ал эми 2001-жылдан 2008-жылга чейин иштеген 1-этабына 70 млн доллар бөлүнүп, ага Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы, DFID жана кыргыз өкмөтү донорлук кылган. Суу менен камсыздоо департаментинин Башкы деректири Нурмамат Муллакелдиевдин маалыматы боюнча 1-этапка бөлүнгөн каражаттан үч млн доллар долбоорду түзүүгө жумшалып, дагы үч млн доллар Азия өнүктүрүү банкынын Канададан келген менджерине эмгек акы катары төлөнгөн. Анын айтуусунда бул маселенин үстүндө учурда Эсеп палатасы иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG