Элчиликтин кызматкерлери Астана, Алматы шаарларындагы кыргызстандыктар иштеген базарлардын жетекчилери менен жолугушкан. Анда базар ээлери тарабынан кыргызстандык соодагерлерге коюлган талаптар, түзүлгөн шарттар тууралуу кеп болду. Бул иш чара Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун Алматы, Астана, Чимкент жана башка шаарлардагы базарларда иштеген кыргызстандык соодагерлер менен болгон жолугушуусунан кийин жасалды, деп кабарлайт Тышкы иштер министрлиги. Бейрасмий маалыматтар боюнча коңшулаш Казакстанда 70 минден ашуун кыргызстандык мигранттар иштейт. (ZKo)
8:00 Астанадагы кыргыз элчилиги Казакстандын базарларында кыргызстандыктарга түзүлгөн шарттар менен таанышты