Ага негиз берген жардыкка президент Куманбек Бакиев кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу чаралары” деп аталган жардыкка ылайык чарба жүргүзүүчү субьекттер менен алардын жергиликтүү ресурстарды казып алып иштеткен өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү салыкты төлөшү артыкчылыктуу чара деп эсептелет. Ушундан улам өкмөт үч айдын ичинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, парламентке берүүгө жана облустук бийликтер менен бирге жергиликтүү ресурстарды иштеткен чарбалардын тизмесин тактап чыгууга милдеттендирилди. (BD)