Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

14:50 Акаевдин күйөө баласын Казакстан суракка чыгарып бербейт


Мындай маалыматты “24.kg” агенттиги Казакстандын маалымат каражаттарына таянып таратты. Анда Казакстандын Башкы прокурорунун орун басары Ергали Мерзадинов Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыштары үчүн Адил Тойгонбаевди жоопко тартуу үчүн өлкөдөн чыгарып берүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын суранычы аткарылган жок деп билдиргени айтылат. Андан тышкары Тойгонбаевди Казакстандын аймагында суракка алуу өтүнүчү болсо кароого даяр экендиктерин, бирок Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан алигиче андай өтүнүч болбогону да кабарланат. Ал эми мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстандын бийлигиндеги айрым жетекчилер Тойгонбаевдин соттолушуна кызыкдар эмес, анткени, алардын биргелешкен материалдык байланыштары терең болгон деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG