Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

17:25 Талас шаарындагы Ардагер дүкөнүнүн чатагы күндөн күнгө ырбап келүүдө


Талас шаарындагы 1-Май көчөсүндөгү Ардагерлер дүкөнү облустук мүлк фондусу тарабынан Гүлжан Жумалиевага 1998-жылы менчикке сатылган. 2000-жылдан бери аталган дүкөндү кайра ардагерлерге кайтарып берүүсүн талап кылып, айрым аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү райондук, облустук жана республикалык сотко чейин кайрылышкан. Бирок соттордун баары дүкөндүн азыркы ээси Жумалиеванын пайдасына чечип беришет. Бүгүнкү тапта облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мөөр Мамбеталиев баш болгон айрым аксакалдар соттордун мындай чыгарган чечимине нааразы болушуп, жогоруда аталган дүкөн өз учурунда мыйзамсыз менчиктештирилген деген катты Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Башкы прокуратурага жөнөтүштү. (UA)

XS
SM
MD
LG