Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

17:30 Кыргызстандык үч, өзбекстандык эки кишинин соту 6-мартка жылдырылды


Бүгүн өзбекстандык Жамалдин Абдумажитов менен Эркин Холиковго жана Кыргызстандын үч жаранына өкүм угузулмак, бирок сот бейшемби күнгө которулду. Себеби тиешелүү адамдар сотко чакыртылбай калган. Мындай маалымат ишти карап жаткан Жалалабат шаар сотунун судьясы Токтосун Суеркуловдон алынды. Соңку сот олтурумунда мамлекеттик айыптоочу Жамалдиновду өмүр бою эркинен ажыратуу, калган төрт кишини төрт жылдан түрмөгө кесүүнү сунуш кылган. Төрт адам ИДУнун мүчөлөрү деп шектелген куралдуу адамдарды жаап жашырган, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып тагылган. Жамалдин Абдумажитов курал-жарак менен жардыргыч заттарды алып жүргөн, диний кастыкты козгогон, коопсуздук жана ички иштер кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч келтирген деп күнөөлөнүүдө. Ал айыбын жарым-жартылай мойнуна алаарын билдирип, ИДУга тиешеси жок экендигин билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG