Ага негиз берчү мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде каралды. Адилет министринин орун басары Бекболот Бекиевдин парламентте билдиргенине караганда, ал президенттин өткөн жылкы жардыгына ылайык даярдалды. Президент жардыгында 24-мартты революция күнү деп майрамдоо жөнүндө айтылган. Бирок айрым депутаттар 24-марттын түнүндө болгон талап-тоноолордон улам ал күндү белгилөөнүн зарылдыгы жоктугун белгилешти. Долбоор парламенттен өтсө Кыргызстанда 13 жолу майрам болот. (BD)