Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

7:30 Темир Сариев: 24-мартты майрам кылып белгилөөнүн кажети жок


Мындай пикирин “Акыйкаттык үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Ал 2005-жылкы 24-март окуясы максатына жеткен жок, мындан тышкары ал күнү Бишкектеги жүздөгөн ишкерлер талап-тоноочулардын айынан сызга отуруп калышкан, ошондуктан, бул күндү майрамдоого негиз жок, деп эсептейт. 24-мартты майрам күн катары белгилеп, эс алуу күнү катары жарыялоо сунушту Жогорку Кеңештин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитетине адилет министрлиги сунуштаган. Кечээ аталган комитет буга байланыштуу Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берди. Бул мыйзам долбоору 2006-жылы даярдалып, мурдагы парламентке бир нече жолу сунушталганы, бирок депутаттардын колдоосуна ээ болбогону белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG