“Кирешени жарыялоо – мамлекеттик кызматтагы коррупциянын алдын алуу” деген темадагы семинардын жүрүшүндө 2008-жылкы кирешелерди ачыктоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы, бул жагдайдагы мыйзам бузуулар жана ага карата көрүлүүчү чаралар тууралуу кеп болот. Кирешелерди ачыктоо өнөктүгү 1-мартта аяктаган. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин кабарлаганы боюнча кирешеси тууралуу маалыматты айрым мамлекеттик кызматкерлер берген эмес, анын ичинде Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын 21 депутаты бар.
Коррупциянын деңгээлин иликтеген Транспарэнси Интернэшнл уюмунун эсебинде, Кыргызстан 2006-жылы дүйнөдө 142-орунда турса, 2007-жылы 150-орунга түшкөн. (ZKo)
Коррупциянын деңгээлин иликтеген Транспарэнси Интернэшнл уюмунун эсебинде, Кыргызстан 2006-жылы дүйнөдө 142-орунда турса, 2007-жылы 150-орунга түшкөн. (ZKo)