Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун таңкы маектешүү учурунда келтирген жүйөөсү боюнча мындай жол менен Казакстанга кошулбасак, Кыргызстандын келечеги үчүн кооптуу болот. Казак тарап Бухара-Бишкек-Алматы газ түтүгүнөн өзүнчө бөлүнүп, Кашаган газ кенинен газ түтүгүн тартып келатат, - дейт Базарбай Мамбетов. Анын айтуусунда, эгер ал ишке ашып кетсе, Кыргызстан көгүлтүр от жагынан жалгыз Өзбекстанга көз каранды болуп калат, бул өлкөнүн экономикасы үчүн жакшы таасирин тийгизбейт. (ZKo)
8:30 Арзан көгүлтүр от менен камсыз болуу үчүн Казакстанга Бишкектеги газ куурларын беришибиз керек