Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 02:42

10:00 Борбордогу бала бакчанын балдары ууланды


Бишкектеги “Светлячок” деп аталган бала бакча–мектептеги 10 бала 3-мартта тамак-аштан ууланып, азыр ооруканада. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бала бакча–мектептин кенже жана даярдоо бөлүмүнүн балдары эски азык-түлүктөн санитардык талаптарды бузуу менен даярдалган тамактан ууланып, 10 бала жана бир тарбиячы республикалык инфекциялык ооруканага түшкөн. Башкы прокуратура бул окуя боюнча 4-мартта кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Бишкек шаардык прокуратура жүргүзө баштады. (BD)

XS
SM
MD
LG