Республикалык инфекциялык оорукананын баш дарыгеринин орун басары Алла Саркинанын айтымында, 3-мартта ооруканага түшкөн 10 бала жана бир тарбиячыга алгачкы жардам көрсөтүлүп, алардын төртөө үйүнө кое берилген. Дагы төртөө ошол күнү кечке жуук чыгарылган. Ал эми калган эки бала жана тарбиячыга дарылар куюлуп, алар 4-март күнү ооруканадан чыгарылган. "Балдар кайсы тамактан ууланганы азырынча белгисиз", - дейт Анна Саркина. Аларга түшкү тамакка күрүч сорпо жана эт менен куймак беришкен. Быйыл бул балдардын массалык уулануусу боюнча экинчи окуя. 19-февралда Майлысуу шаарындагы орто мектептин 70 окуучусу түшкү тамакка берилген колбасадан ууланган. (JTo)