Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

12:45 “Ата Мекенчилер” губернатордун дооматына макул эмес


Мындай билдирүүнү бүгүн “Ата Мекен” партиясы таратып, анда Майлысуудагы шам чыгаруучу заводдун жумушчуларынын иш таштоосун аталган партия уюштурду деген Жалалабат облус губернатору Кошбай Масировдун кинеси негизсиз, бул партияны каралоонун дагы бир далалаты деп билдирди. Андан тышкары Майлысуулук жумушчулардын иш таштоосун жашоо укугун коргоо аракети деп колдой тургандыгын жана заводдогу кырдаал өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү жолу менчиктештирүү деген саясаттын натуура экендигинин далили деп белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG