Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

14:45 Караколдун тергөө абагындагылар ачкачылыкты токтотушту


Бул тууралуу Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармасынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров билдирди. Анын айтымында, Каракол шаарындагы №3 тергөө абагында отурган 20 адам 2-марттан бери ачкачылык жарыялап, ооздорун тигип алышкан. Алар менен облустук, шаардык прокурорлор, облустук ички иштер башкармасы жана Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери жолугушкандан кийин бүгүн эртең менен ачкачылыкты токтотушту. Алар абакта эркин басып жүрүү, уюлдук телефондорду пайдалануу жана түрмөдөгү бөлмөлөрдү ачык коюуну талап кылып, ачкачылык жарыялашкан. Ал эми Караколдогу укук коргоочу Камил Рузиев тергөө абагындагы абалды тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен бирге укук коргоочулардын көзөмөлгө алышы зарылдыгын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG