Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

16:20 Бишкек шаарында жеке менчик турак-жай курууга жер берилбейт


Мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкек шаарында менчик турак-жай курууга бош участоктор жок калды. Андыктан бардык басып алуу жолу менен үйлөрдү курууга жол берилбейт. Ал эми мыйзамсыз курулганы аныкталган үйлөр соттун чечими менен түрттүрүлүп салынат. Мэриянын маалымат катчысы Эрмек Козубековдун айтымында, учурда шаар бийликтери шаар айланасындагы жаңы конуштар проблемаларын чечүү менен алек. Бул жерлерде электр линияларды, суу жана канализацияны өткөрүү, жолдорду куруу керек. Көпчүлүк конуштарда мектептер жана фельдшердик-акушердик пункттар жок. Жылына бул максатта республикалык жана шаардык казынадан бир миллиардка жакын каражат бөлүнөт. Бирок 43 жаңы конушту өнүктүрүү үчүн дагы миллиардаган каражат керек дейт Эрмек Козубеков. (JTo)

XS
SM
MD
LG