Аталган заводдун ремонт цехинин башчысы Рустам Абдувалиевден алынган маалымат боюнча жумушчулар айлык акыдан тышкары заводдун чарбалык иштерин текшерүүнү да талап кылышууда. Анын айтуусунда Майлысуу шам заводу жумушчулардын эмгек акысынан тышкары дагы башка төлөмдөр боюнча мамлекетке 300 млн сом карыз. Заводдун бир жарым миңдей жумушчусу 26-февралдан тартып иш ташташкан, аларга 29-февралда дагы эки цехтин жумушчулары кошулган. Майлысуудагы шам заводунда иш таштаган жумушчулардын талаптары жүйөлүү, деп белгилеген өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги Майлысуу шам заводунун жетекчилигинен жумушчулардын айлык маянасын толугу менен төлөп берүүнү талап кылууда. Аталган завод өткөн жылы 200 млндон ашуун даана лампа чыгарган, бул мурдагы жылдардагы көрсөткүчкө караганда бир топ аздык кылат. (ZKo)