Ага ички иштер министри Молдомуса Конгантиев катышат. ИИМ маалымат катчысы Бакыт Сеитовдон алынган маалымат боюнча тез чара көрүүчү борбордун ачылышы өлкөдө кылмыштуулуктун азайуусуна шарт түзөт. Аталган борбор тиешелүү техникалар, автоунаалар менен жабдылган. Тез чара көрүүчү борбордун филиалдарын облустардагы ички иштер башкармалыктарынын алдында түзүү маселеси ушул тапта каралууда. (ZKo)