Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

10:30 А.Мадумаров: Март айынын соңунда Каркырага депутаттык комиссия барат


Спикердин айтымында, кыргыз-казак чекарасындагы талаш жерлер боюнча парламент Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте тыкат иштөөдө. “Азыр кар калың болгондугуна байланыштуу Каркырага барууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан күн жылып, март айынын аягында кар эригенде депутаттык комиссия Каркырага барып талаш жерди жеринде көрүп келет”,-деп билдирди Мадумаров. Депутат Динара Молдошева март айынын соңунда президент Курманбек Бакиев Казакстанга иш сапары менен барганга чейин, кыргыз-казак чекарасын ратификациялоодон мурда талаш жараткан жерлерди депутаттык комиссиянын текшерип чыгуусун сунуш кылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG