Бул туурасында каза болгон баланын агасы Нурзат Эрнис уулу «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, 1-марттын түнү Ысыката курортуна жакын жайгашкан айылдын балдары бассейинге түшүшкөн. Сүзгөндү билбеген балдардын бири Азат Эрнис уулу суунун терең жеринен чыга албай каза болуп калган. Ал учурда бассейинди кайтарып тургандар эшикти сыртынан бекитип кетип калышкан. Ал эми атайын куткаруучулар болгон эмес. Ошол күнү күзөттө турган Аман Асанкожоев балдарга кирбөөгө каршылык көрсөткөнүн айтууда. Талапка ылайык ал бассейин эртең мененки 8:00дөн кечки 18:00гө чейин гана иштейт. Окуя кечки 9дар чамасында болгон. Каза болгон баланын жакындары бассейинди иштеткендердин шалаакылыгынан ушундай жагдай түзүлдү, деп күнөөлөшүүдө. Аталган окуяга байланыштуу Ысыката райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. (JJ)