Карачайлардын диаспорасынан алынган маалыматка караганда, 15-мартта Максим Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүүгө Бишкек мэриясы уруксат берди. Үч миңге чукул карачайлар диаспоранын жетекчиси Исмаил Кочкаровду коргоо максатында митинг уюштурганы жатышат. Өткөн жылы Исмаил Кочкаровго укук коргоо органдары “алдамчылык” кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоп, бирок соттун чечими менен ал кылмыш иши кыскартылган. Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Бишкек ИИМ тарабынан Кочкаровго кайрадан кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Кочкаровдун ишин кароону кийинкиге жылдырды. (AJ)