Аталган заводдун профсоюз комитетинин жетекчиси Авазкан Арзыкулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча кечээ түштөн кийин 1-мөөнөттөгү жумушчулар иштеп башташты. Бүгүн 2-мөөнөт жумушка чыгат. Жумушчулар цехтерге заводго жаңы дайындалган жетекчи Талгат Ахмадулиндин үч айлык акыны 21-мартка чейин төлөп берүү тууралуу убадасынан кийин кайтышты. Авазкан Арзыкулованын айтуусунда жумушчулар Талгат Ахмадулинге мурда Майлысуу шам заводунда 22 жыл иштеп кеткен адис катары ишеним артышууда. (ZKo)