Грециянын тышкы иштер министри Дора Бакоянистин айтымында каршылык Македония мамлекетинин аталышына байланыштуу болууда. Ал бул тууралуу НАТОнун апрель саммитинин алдында Брюсселде өтүп жаткан тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан соң билдирди. Министрлер жолугушууга Албания, Хорватия жана Македонияны НАТОго кабыл алуу тууралуу кеңешүү үчүн чогулушкан. Греция өз түндүгүндө Македония деген аймак бар үчүн, Македониянын атын өзгөртүүсүн каалайт.