Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

7:45 Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо зарылдыгы турат


Мындай маалыматты экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров кечээ өкмөттүк жыйында билдирди. “Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү 30-апрелде бүтө тургандай кылып, кайрадан баштоо зарылдыгын көрүп турабыз”, -деп белгилеген министр алтындын дүйнөлүк баасы күн санап өсүп жаткан убакта Центерра менен Кумтөр тууралуу сүйлөшүүлөрдү эртерээк аягына чыгаруу зарылдыгын билдирди. Кыргыз өкмөтү Кумтөр долбоорунда мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү максатында аз күн мурда “Центерра голд Инк” компаниясына эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн 30-апрелге жылдыруу тууралуу кат жөнөткөн. Ага жооп кылган компания кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG