Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

8-МАРТ – УЛАНДЫСЫ БАР


Быйыл дүйнө өлкөлөрүндө аялдардын эл аралык күнү “гендердик теңчиликти өркүндөтүүнү каржылоо” деген ураан алдында өтөт. БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Нил Уолкер аял затына болгон ивестициялар өлкөнүн жакырчылыгын жоюуга жана экономиканы көтөрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Кыргызстанда гендер маселесиндеги жетишкендиктер жана кемчиликтер кайсылар?

Учурда кыргыз парламентинин 30 пайызы аялдар. Буга чейинки парламент жалаң эркектерден турганы менен белгилүү. Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликова азыркы парламентте 24 айымдын депутат болуп отурушун мурункуга салыштырмалуу гендер жаатындагы чоң ийгилик катары баалады:

-Учурда 24 аял депутат болуп иш алып барууда. Алардын ичинен үчтөн бир бөлүгү 28-29 жаштагы келиндер. Көбү гендер маселесин жакшы түшүнгөн адистер. Айымдардын парламенттеги орду бийликти өнүктүрүү боюнча эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын ырааттуу иши мына ушундай ийгиликтерге алып келди. Анткен менен аялдар менен эркектердин ортосунда ошол эле айлык акынын төлөнүшү, жумушка алуу боюнча теңсиздик байкалат.

Айымдардын парламенттеги орду боюнча көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүндө эң алдыңкы сапта турат. Бирок Македония, Беларус, Ооганстандан артта.

Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында жетишкендиткердин бири катары БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер, өткөн жылы көп аял алууну мыйзамдаштырууга жол берилбегенин баса белгиледи:

-Биз ошондой эле кыргыз өкмөтү менен жарандык коомду аялдардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча бири-бири менен тыгыз кызматташууга чакырабыз . Өткөн жылдагы жетишкендиктердин бири катары өлкөдө көп аялдуулукту мызамдаштырууну токтотулушун белгилеп кетет элем.

Ошол эле учурда Нил Волкер гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча программалар өлкөнү өнүктүрүү планына кирип, ага каражат бөлүнүп жатканы менен көзгө урунаар натыйжа болбой жатканын кошумчалады:

-Бирок өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясында гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө каражат бөлүү каралганы менен андан каалагандай, ойдогудай жыйынтыкты биз көрө албай жатабыз. Биздин изилдөөлөр көргөзүп тургандай, аялдарга каршы зомбулукту, жакырчылыкты жоюу, энелердин өлүмүн кыскартуу, ВИЧ/СПИД, аялдарды сатуу боюнча программаларга инвестициялар көбүрөөк жумшалышы керек.

БУУ - аялдардын укугун коргоп, аялдардан турган кыймылдарга колдоо көрсөтүп келаткан уюмдардын бири.

“8-марттын уландысы болот!” деген аталыштагы акция БУУнун, дагы бир катар эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү кыймылдардын колдоосу менен эртеңден тартып башталмакчы. Анын максаты гендер саясатына, аялдардын укугун коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Постсоветтик өлкөлөрдө 8-март аялдардын күнү деп белгиленип келсе, мындай күн чет жакта да дүйнө аялдарынын укугун коргоо күнү деп белгиленип келет.

Социалдык технологиялыр агенттигинин жетекчиси Мира Карыбаева гендер боюнча Кыргызстан акыркы бир жыл ичинде ийгиликтерге жетишти деп тим болуп калбастан, бул жаатта алгылыктуу иштерди улантуу зарылдыгын билдирди:

-Биз азыр жаңы максаттарды коюп жататбыз. Анткени жагдай өзгөрдү. Азыр аялдардын экономикалык жактан мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маанилүү. Мунсуз көз карандысыздык жана теңчилик тууралуу айтууунун кажети жок.

XS
SM
MD
LG