Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш чаралар республиканын бардык облустарында бүгүн өткөрүлдү. Бул тууралуу билдирген президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 7-мартта Бишкекте премьер-министр Игорь Чудинов менен мэр Данияр Үсөновдун катышуусунда аялзатына арналган майрамдык жыйын өткөрүлдү. Ал эми Ошто вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, Жалалабадда коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов, Ысыккөл облусунда маданият министри Султан Раев, Нарында вице-премьер Нур уулу Досбол, Таласта президенттин администрация жетекчисинин орун басары З.Бекбоев, Чүй облусунда президенттин администрация жетекчиси М.Садыркуловдун катышуусунда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Бул иш чарага атайын мамлекеттен каражат бөлүнгөн. (AJ)