Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

17:10 Премьер-министр айымдарды куттуктады


Улуттук филармонияда өткөн 8-март аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанатта премьер-министр Игорь Чудинов өлкө аймагындагы аялзатын майрамы менен куттуктап, коомдо алардын ролу зор экендигин белгиледи. Чудинов билим-илим, медицина, экономика, саясатта аялдар жогорку чеберчилигин, кесиптик деңгээлинин бийиктигин көрсөтүп жатканына токтолду. Премьер-министр статистикалык маалыматтарга таянып билим жагынан эркектерге салыштырмалуу аялдардын көрсөткүчү жогору экендигин, жогорку окуу жайларда эмгектенгендердин 56 пайызын аялдар түзөөрүн баса белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Майрамдык салтанатка бир миңден ашуун аялдар катышып, аларга баалуу белектер, жагымдуу ыр-күүлөр тартууланган. (AJ)

XS
SM
MD
LG