Пакистанда киши колдуу болуп өлгөн оппозиция лидери Беназир Бхуттонун партиясы жаңы премьер-министрди тандоо ишин создуктурууда. Өткөн айдагы парламенттик шайлоодо жеңген партия маркум Беназир Бхуттонун көп жылдардын берки кеңешчиси Фахимди премьерликке көрсөтөт деп күтүлгөн эле. Бирок партия лидерлеринин соңку жыйыны да натыйжасыз аяктады.