Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:08

12:40 Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн азайышынан тетиктер тез бузулат


Бул тууралуу билдирген энергетика тармагы боюнча адис, эсеп палатасынын жетекчиси Райымбек Мамыровдун айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли улам түшүп, анын бийиктиги 110 метрге жетсе иштеп аткан генераторлордо техникалык титирөө башталып, анын негизинде тетиктердин тезирек иштен чыгышы мүмкүн. Ал ошондой эле Токтогул ГЭСинде 19 млрд. куб/метр суу болушу керек болсо, басма сөз каражаттарында суунун көлөмү учурда 7,4 млрд. куб/метрди түзөөрү маалымдалганын белгиледи. Мамыров электр кубаттуулугун бөлүштүрүүчү ишканаларды бөлүп менчиктештирүүгө каршы экенин "Азаттыкка" берген интервьюсунда билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG