Бул тууралуу үч өлкөнүн президенттери билдиришти. Альваро Урибе, Раффаэль Кореа жана Уго Чавес латын америкалык өлкө лидерлеринин Доминика республикасында ачылган жыйынында кол кармашты. Үч өлкө ортосундагы өз ара мамилелердин курчушуна колумбиялык аскерлердин ашынган солчул ФАРК тобунун согушкерлерине каршы Эквадордун аймагында өткөргөн операциясы себеп болгон эле. Колубия коңшу өлкөлөрдүн бийликтерин согушкерлер менен байланышта турганы үчүн айыптаган. Мындан улам Эквадор менен Венесуэла Колумбия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялап, Венесуэла чек арага кошумча күчтөрүн жөнөткөн.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага