Өлкөнүн батышындагы Герат шаарында стадионго чогулган миңдеген адамдар даниялык гезиттерде Мухаммед пайгамбардын келбетин чагылдырган сүрөттөрдүн жарыяланышына нааразылык билдиришти. Ошондой эле голландиялык бир саясатчынын экранга исламды сындаган кинофильмди чыгаруу ниетине каршы экендигин айтышты. Гераттагы демонстранттар ага катар ооган өкмөтүнөн НАТО күчтөрүнүнүн курамында кызмат кылган голландиялык жана даниялык 2400 аскерди өлкөдөн чыгарууну талап кылышты.