Анын жүрүшүндө америкалык аскерлердин Иракта турушунун укуктук негизин аныктаган макулдашуу иштелип чыгышы керек. АКШ делегациясын Ирактагы элчи Раян Крокер баштап, курамында Пентагондун, Мамлекеттик депратаменттин, Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлдөрү бар. Пентагондун басма сөз катчысы Жефф Морреллдин билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр узакка созулары күтүлүүдө, макулдашуу жыл соңуна барып гана кабыл алынышы мүмкүн.
Багдадда АКШ менен Ирак эки өлкөнүн узак мөөнөттөгү кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады