Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, мындай кадам Вашингтон Беларусиянын мамлекеттик "Белнефтехим" ишканасына каршы жаңы санкцияларды киргизген соң кабыл алынды. Акүй Минскинин кадамын "өзүн актабаган" жана өлкөнү Европадан огош бетер окчундатуучу аракет катары баалады. Мамлекеттик департамент адегенде эгер Беларус кааласа, өлкөнүн Минскидеги элчиси чыгып кетерин айтты эле, кийинчерээк элчи Карен Стюарт азырынча калып жатканын билдирди. АКШ беларус расмий өкүлдөрүнө каршы виза жана башка чектөөлөрдү өлкөдөгү адам укугун бузуулар жана саясий репрессиялардан улам киргизген.
Беларусия АКШнын элчисин өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөп, Вашингтондогу өз элчисин чакыртып алды