Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Батыш менен Москванын мамилеси жаңы президент Д.Медведевдин тушунда деле жеңил болбойт


Мына ушундай ойдо экенин бүгүн Москвада Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугуу учурунда Орусиянын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Владимир Путин билдирди. Бирок Путин Орусия менен Германиянын саясий жана экономикалык алакасын өтө жакшы деп мүнөздөдү. Ал эми немец канцлери Ангела Меркел өз тарабынан Германия "сынчыл жана ачык диалогко" артыкчылык берерин белгиледи. Ал Москвадагы кыска сапары учурунда Владимир Путин жана шайланган президент Дмитрий Медведев менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдө Иран, Косово, Европаны газ менен камсыздоо маселелери жана эки тараптуу соода-экономикалык алакалар талкууланмакчы. Германия-Орусиянын Еврошаркеттеги эң ири соода өнөктөшү. Былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 52, 8 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG