Бул тууралуу курулушчу адис, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев “Азаттык” үналгысынын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, курулуш материалдарынын баалары мындан ары дагы кымбатташы ыктымал. Бул үчүн мамлекет реформаларды жүргүзүп, ипотекалык принциптерди ишке киргизүү керек, дейт О.Артыкбаев. “Муну күчтөп токтото албайбыз, анткени баалардын өсүшү жалпы дүйнө жүзүндө болуп жатат. Бирок мамлекет карапайым жарандарга банктар менен сүйлөшүү аркылуу аларга жеңил үстөгү менен узак мөөнөткө насыя акча берүү керек”, - дейт Осмонбек Артыкбаев. (ZMa)