Учурда коомдук парламенттин курамына кирүүнү каалаган саясий партиялардан, коомдук уюмдардан арыздар түшүүдө. Бул арыздарды атайын комиссия карап чыккан соң гана алардын өкүлдөрү коомдук парламентке кирер-кирбеси белгилүү болот. Ошол эле учурда коомдук парламентке облустардан да мүчөлөрдү алуу маселеси каралууда. Бул маселелер 19-мартка белгиленген экинчи жыйынга чейин чечилиши керек. Экинчи жыйында коомдук парламенттин курамын 75 адамга чейин көбөтүү маселеси да күн тартибине киргизилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» коомдук парламенттин мүчөсү Табылды Акеров билдирди. Курамы 50 мүчөдөн турган коомдук парламенттин алгачкы жыйыны 20-февралда өтүп, анда энергетика тармагындагы абал талкууланган.(SM)