Иран өзүнүн талаштуу өзөктүк программасына байланышкан маселелер боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Тышкы иштер министри Манучехр Моттакинин Тегерандагы эл аралык конференцияда айтканына караганда, анын өлкөсү жемиштүү сүйлөшүүлөрдү дайыма колдоп келген. Бирок ага катар Ирандын тышкы саясий мекемесинин башчысы, алар уран байытуу ишин токтотпой турганын кошумчалады. Жакында БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран уран байытууну токтотпогону үчүн ага каршы санкциялардын үчүнчү айлампасын жактырган. Мындан кийин Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иран менен Евробиримдик ортосунда сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылган болчу.