Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Ооганстанда Дания менен Голландияга каршы демонстрация өттү


Ооганстандын чыгышында жайгашкан Нангархар провинциясындагы Жалалабад шаарынын жанында жекшемби күнү көчөгө чыккан миңдеген студенттер Пакистанды көздөй кеткен кан жолду буу салышты. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматынын кабарчыларынын билдиргенине караганда, алар "Дания менен Голландияга өлүм" деп кыйкырып, бул эки өлкөнүн желектерин өрттөп жатышты.

Албууттанып көчөгө чыккандар бул эки өлкөдө орун алган айрым соңку көрүнүштөрдү ислам динин кордоо катары баалашты. Даниялык гезиттер Мухаммед пайгамбардын келбетин чагылдырган карикатураларды жакында кайра басышкан эле, ал эми Голландиянын улутчул маанайдагы саясатчысы Куран тууралуу сынчыл көз караштагы тасманы ушул айда экранга чыгарарын билдирген.

XS
SM
MD
LG