Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Венсуэлланын дипломаттары Колумбиянын борбору Богота шаарына кайра кайтып келет, өз кезегинде колумбиялык дипломаттардын Венесуэллага кайтып келиши күтүлүүдө. Колумбия Эквадордун аймагында согушчандардын ФАРК тобуна каршы операция өткөрүп, Венесуэлла жана Эквадордун бийликтерин козголоңчулар менен байланышы бар деп айыптагандан кийин бул эки өлкө менен мамилеси сууп калган.