Германиядагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча Берлинде болуп өткөн туристтик биржага Кыргызстандан жети туристтик компания катышты. Дүйнөнүн 186 өлкөсүнөн келген 11 миңден ашуун туристтик компания катышкан ITB-Berlin туристтик биржасында Кыргызстанга да кызыгуулар көп болду. Бул биржада турфирмаларга туризмди өнүктүрүү үчүн түрдүү келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп айтылат элчилик тараткан маалыматта. (ZKo)