“Ататүрк” паркындагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча соттук териштирүү бүгүн түштөн кийин Жогорку сотто каралат. Өткөн жылы президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен Октябрь райондук акимчилиги бул үйлөрдүн курулушуна уруксат берген мурдагы чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу доо арыз менен райондук сотко кайрылып, сот акимчиликтин өтүнүчүн канааттандырган. Ишти андан кийин караган Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин жокко чыгарган.
Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагына курулган курулуштун, Ататүрк багындагы турак-жайлардын жана Бишкектеги жер бөлүштүрүүлөрдүн мыйзамдуу-мыйзамсыздыгына байланыштуу атайын жыйын үстүбүздөгү жылдын 13-мартында президенттик администрацияда болмокчу. (ZKo)