Заводдун өткөн жумага дейре иш таштаган жумушчулары мурда заводдо иштеп, эми баш деректирлик кызматка келген Талгат Ахмадуллинди колдоо максатында өткөн аптада ишин баштаган. Бирок, жумушчулар иш таштаганда талап кылган ноябрь айынын маянасы толук төлөнүп бүтө элек. Андан тышкары декабрь, январь, февраль айларыныкы турат. Спираль, жыйноо, айнек цехтерине өндүрүштүк каражаттар жетишсиз болууда. Андыктан ал цехтер жарым-жартылай иштөөдө. Мындай маалымат заводдун оңдоо цехинин башчысы Рустам Абдувалиевден алынды. (YA)
13:55 Майлуусуудагы шам чыгарчу заводдо ноябрь айынын эмгек акысы толук төлөнүп бериле элек