Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

14:00 Кыргызстандык үч, өзбекстандык эки жаранга сот өкүмү 6-мартта чыгарылган


Жалалабат шаар сотунун өкүмү менен өзбекстандык Жамалдин Абдумажитов күчөтүлгөн тартипте 17 жылга, анын мекендеши Эркин Холиков төрт жылга эркинен ажыратылды. ИДУнун мүчөлөрү деп шектелген куралдуу кишилерди жашырган, деп айыпталган Кыргызстандык үч жарандын ар бири шарттуу түрдө үч жылдан жаза алышты. Адвокат Садыкжан Махмудовдун айтымында сот Жамалдин Абдумажитовду 2006-жылы ИДУнун мүчөлөрү деп күмөндөлгөн куралдуу адамдардын МАИнин инспекторун атып өлтүргөнүнө катышы бар,курал-жарак менен жардыгыч затты алып жүргөн, коопсуздук жана тартип сакчыларынын өмүрүнө коркунуч келтирген, диний кастыкты козгогон, деген беренелер боюнча айыптуу деп тапты. Ал айыбын мойнуна жарым-жартылай аларын айткан. Ишти караган судья Токтосун Суеркулов өкүм тууралу маалымат берүүнү 11-мартка жылдырды.(YA)

XS
SM
MD
LG