Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

14:50 Аксы окуясы боюнча Элдик сотко келүүчүлөр азырынча белгисиз


Парламенттик жана коомдук комиссия иликтеп, Аксы окуясына жоопкер деп тапкан 42 кишиге Аксы окуясына байланыштуу 17-мартта боло турган Элдик сотко чакыруу берилген. Алардын ичинде мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, азыркы президент Курманбек Бакиевден тартып, ошол убактагы айрым атка минерлер, катардагы милиция кызматкерлери бар. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча азырынча Аксы окуясына жоопкер катары чакырылгандардан эч кимиси сотко барарын тастыктай элек.2002-жылдын 17-18-мартында бийликтин аткан огунан 6 киши каза болуп, ондогон адам жаракат алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG