Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

15:30 "Ата Мекен" партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү коомдук парламентке талапкерлерди сунуш кылды


Коомдук парламентке партиянын облустук бөлүмүнүн атынан беш талапкер көрсөтүлдү. Алар адам укугун өтө кадырлоо менен мамлекетте ар тараптуу
реформа жүргүзүлүүсүн каалап, аны талап кылган мамлекеттик байлыктардын туура эмес менчиктештирилишине каршы, бийликтин кемчилигин кескин сынга алып, ал кенемтелерди оңдоонун жолун билген адамдар. Талапкерлердин ар бири партиянын Жалалабаттагы мүчөлөрү менен терең талдангандан кийин ушундай чечим кабыл алынды. Коомдук парламенттин облустун сунуш этилген мүчөлөрү жаңы уюмдун 19-мартта боло турган экинчи чакырылышына катышуусу ыктымал. Мындай маалымат 11-мартта партиянын облустагы комитетинин жооптуу катчысы Асылбек Текебаевден алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG