Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча 2008-жылдын 1-февралына карата ВИЧ илдетин жуктурган 1499 киши катталган болсо, бир айдан кийин алардын саны 1535ке жетти. Коркунучтуу илдеттин арбышы жагынан Ош жана Чүй облустары алдыда турат. СПИД борбору маалымдагандай эки ай ичинде ВИЧ илдет менен ооруган 186 адам каза тапты, анын ичинде 87 киши СПИД оорусу менен ооругандар. (ZKo)