Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

17:15 Мамлекетке чыккынчылык кылган деп айтыпталып жаткан төрт кишинин соту башталды


Кылмыш жаза кодексинин 292-беренеси жана 309-берененин 1-түйүнү боюнча айыпталып жаткан Валерий Пацула, Владимир Бережной, Дмитрий Гриб жана Максат Мамыркановдун үстүнөн сот ишин ушул тапта Бишкек аскердик гарнизондук соту жабык түрдө карап жатат. Иштин жашыруундугунан улам адвокаттар да маалымат берүүдөн баш тартышууда. Буга чейин бул ишти тергеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иштин жашыруундулугун белгилеп, адвокаттардан маалымат жайылтпоого тил кат алган. Муну Коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу да тастыктады.
КР КЖКнин 292-беренеси мамлекеттик чыккынчылык, чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРнын тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иш жүргүзүүгө жардам көрсөткөндүгү үчүн, 302-беренесинин 1-түйүнү кызматтык сырды түзгөн экономикалык, илимий-техникалык же башка маалыматтарды чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга бергендиги үчүн же берүү максатында чогулткандыгы үчүн айыптайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG