Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

08:05 Укук коргоочулар милициянын кабыл алуу бөлүштүрүүчү жайын жабууну талап кылышууда


Убактылуу кармоочу жайлардын абалын мониторинг жасаган “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мыйзам боюнча кабыл алуу бөлүштүрүүчү жайына соттун чечими менен гана жиберилиши керек. Ал эми учурда мындай укук коргоо кызматкерлери соттун чечими жок эле, кылмыш жасаган жасабаганы анык боло элетке эле кабыл алуу бөлүштүрүүчү жайларга алып камап коюшууда. Бул жарандардын укугунун бузулушу дейт, укук коргоочу. А. Абдырасулова ошондой эле аталган жайда тигүү цехин ачуу демигесине каршы экенин белгиледи. "Административдик кылмыш жасаган адам коомдук жумуштарга тартылышы керек, ал эми цехте иштетүү бул киреше алуу максатын көздөйт. Эгерде бул иш жүзүнө кирсе, анда адамдарды цехте иштетүү максатка айланып кетүү коркунучу турат", - деп билдирди А. Абдырасулова.(MSu)

XS
SM
MD
LG